Адылбек Касымалиев Чүй облусунун 100 жылдыгына арналган көргөзмөгө барды

Министрлер кабинети 10 октябрь 2026 15:00
IMG_3046.jpeg
IMG_3047.jpeg
IMG_3048.jpeg
IMG_3049.jpeg
IMG_3050.jpeg
IMG_3051.jpeg
IMG_3052.jpeg
IMG_3053.jpeg
IMG_3054.jpeg
IMG_3055.jpeg
IMG_3057.jpeg
IMG_3058.jpeg
IMG_3059.jpeg
IMG_3056.jpeg
IMG_3060.jpeg
IMG_3061.jpeg
IMG_3062.jpeg
IMG_3063.jpeg
IMG_3064.jpeg
IMG_3065.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_3046.jpeg
IMG_3047.jpeg
IMG_3048.jpeg
IMG_3049.jpeg
IMG_3050.jpeg
IMG_3051.jpeg
IMG_3052.jpeg
IMG_3053.jpeg
IMG_3054.jpeg
IMG_3055.jpeg
IMG_3057.jpeg
IMG_3058.jpeg
IMG_3059.jpeg
IMG_3056.jpeg
IMG_3060.jpeg
IMG_3061.jpeg
IMG_3062.jpeg
IMG_3063.jpeg
IMG_3064.jpeg
IMG_3065.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 10.10.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу маданий-көргөзмө иш-чарасына катышты. 

Мааракелик иш-чаранын алкагында Чүй облусунун экономикалык, маданий жана социалдык жетишкендиктери  чагылдырылды.

Мааракенин расмий ачылышына Жогорку Кеңештин депутаттары, министрликтердин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик жетекчилери, коомдук ишмерлер, чет өлкөлүк меймандар жана борбор калаанын тургундары катышууда.

Иш-чаранын программасы төмөнкү негизги багыттарды камтыйт.

Облуска караштуу бардык райондордон, шаарлардан жана облустук структуралардан атайын боз үйлөр тигилип, кыргыз элинин улуттук каада-салттары, кол өнөрчүлүк үлгүлөрү жана улуттук тамак-аштар меймандарга тартууланууда.

Чүй облусунда иштеп жаткан ири ишканалардын, өндүрүш ишканаларынын продукциялары көргөзмөгө коюлуп, аймактын экономикалык потенциалы көрсөтүлүүдө.

Чүй облусунун жаштары тарабынан даярдалган инновациялык долбоорлор жана жаш ойлоп табуучулардын эмгектери көпчүлүктүн сынына коюлууда.

Облуста ынтымакта жашаган ар түрдүү улуттардын өкүлдөрү өздөрүнүн маданиятын, салт-санаасын жана кол өнөрчүлүгүн көргөзмө аркылуу көрсөтүшүүдө.

Мааракенин урматына өзгөчө белек катары узундугу 120 метрди түзгөн улуттук даам — чучук даярдалып, келген конокторго тартууланууда.

Майрамдык салтанат ар тараптуу оюн-зоокторго, балдар үчүн көңүл ачуучу аянтчаларга жана республиканын таанымал маданий квзматкерлери катышкан чоң концерттик программага уланууда.

Чүй облусунун 100 жылдыгына арналган бул маданий иш-чара аймактын тарыхын урматтоого, достукту жана биримдикти бекемдөөгө багытталган.