Бишкек, 21.10.26. /Кабар/. Күн мурун Өзгөндө шаар күнүнө арналган майрамдык салтанат өтүп, тургундарга жана меймандарга 1,2 тонна өзгөн ашы акысыз таратылды.
Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, иш-чарага өкүлдүн биринчи орун басары Мирлан Орозбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.
Майрамдык программанын алкагында спорттук оюндар, кол өнөрчүлөрдүн жана дыйкандардын көргөзмө-жарманкеси уюштурулду.
Иш-чара белгилүү ырчылардын катышуусундагы гала-концерт менен жыйынтыкталды.