Бишкек, 05.11.26. /Кабар/. 7-ноябрда А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Эл аралык хор форумунун алкагында концерт өтөт. Бул тууралуу опера жана балет театрынан билдиришти.
Концертке маэстро Сашо Татарчевски, маэстро Карагул Тиленчиев, театрдын хору, ошондой эле Бишкек шаарындагы вокалдык-хордук ансамблдер жана камералык хорлор катышат.
Кечеде хор музыкасынын чыгармалары аткарылып, көрүүчүлөргө музыкалык программа тартууланат.