Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. Бүгүн Бишкектеги Панфилов атындагы паркта кыргыз эстрада ырчыларынын катышуусунда концерттик программа тартууланды.
Мэриядан билдиришкендей, борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн эмгек сиңирген артисттер Абидин Темиров менен Каныкей Раймалиева, эл артисти Динара Акулова, ошондой эле маданияттын мыктылары Фарида Өмүрзакова жана Жылдыз Тутуева чыгармаларын тартуулашты.
Концерттин жүрүшүндө кыргыз эстрадасынын белгилүү "Өзгөчөм", "Ак халат", "Сулуу кыз", "Махабат ырда барбы", "Жылдар өтсүн арадан", "Кыргызым", "Алча гүлү", "Махабат маралы" жана "Ак чардак" аттуу ырлары жаңырды.
Эскерте кетсек, эртең, 24-октябрда саат 17:00дөн 18:00гө чейин аталган паркта дагы бир концерттик программа өтөт.