Бишкек, 21.10.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев көмүр базаларын кыдырды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, калаа башчысы Полевой көчөсүнүн № 1/7 жана Достоевский көчөсүнүн № 97к даректериндеги базаларга барып, көмүрдүн запасы жана базалардын кыш мезгилине даярдыгы менен таанышты.
Белгиленгендей, бүгүнкү күндө көмүр базаларында 10 миң тоннадан ашык көмүр бар.
Ошондой эле шаардагы жылуулук менен камсыздоо объектилеринин алдыдагы жылытуу мезгилине даярдыгы каралды. Айбек Жунушалиев шаардын отканалары толугу менен даярдалып, жылытуу мезгилинин башталышына даяр экенин белгиледи.
Бишкекте жалпысынан 38 көмүр кампасы иштейт. Алардын болжол менен 27–28и тиешелүү келишимдердин негизинде иш алып барат. Бул көмүрдүн запасына жана баасына көзөмөл жүргүзүүгө, ошондой эле аны шаар тургундары үчүн жеткиликтүү баада камсыз кылууга шарт түзөт.
Шаар башчысы тургундарды көмүрдү суук түшкөнгө чейин күтпөстөн, сатып алууга чакырды.
"Кар жаагандан кийин дүрбөлөң жаралбашы үчүн көмүрдү алдын ала сатып алыңыздар. Кыш мезгилине өз убагында даярдануу зарыл", - деп белгиледи Жунушалиев.
Бүгүнкү күндө көмүрдүн бир тоннасынын баасы 7 000 сомду түзөт. Баа монополияга каршы жөнгө салуу талаптарына ылайык белгиленген.