Япониядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 35ке жетти

Дүйнө Жүктөлүүдө... 31 Июль 2026 13:45
17854810431213715773_1200x630.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 31.07.26. /Кабар/. Япониянын Кюсю аралындагы Кумамото префектурасында болгон күчтүү жер титирөөдөн каза болгондордун саны 35ке жетти, дагы 120дан ашуун адам жаракат алды. Бул тууралуу АЗЕРТАЖ агенттиги жергиликтүү бийликке шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн кесепетинен 5300дөн ашуун турак жай электр энергиясыз, ал эми 80 миңге жакын үй таза суусуз калды.

28-июлда катталган 7,1 магнитудалуу жер титирөө Японияда акыркы жылдардагы эң күчтүү табигый кырсыктардын бири катары бааланууда.

Учурда кырсыктын кесепеттерин жоюу жана куткаруу иштерине Япониянын Өзүн-өзү коргоо күчтөрүнүн 4600гө жакын аскер кызматкери тартылган.