Бишкек, 28.09.26. /Кабар/. Еврокомиссия Европа биримдигинин өлкөлөрүн кыш алдында газ жана электр энергиясына болгон суроо-талапты азайтуу чараларын улантууга чакырды. Бул тууралуу Euronews басылмасы жазды.
Еврокомиссар Дан Йоргенсендин айтымында, учурда газ менен камсыздоого түздөн-түз коркунуч жок, бирок газ сактагычтардагы запастын деңгээли төмөн жана кыш жакындаган сайын абал курчушу мүмкүн.
Gas Infrastructure Europe маалыматы боюнча, ЕБдеги газ сактагычтардын толушу болжол менен 70%ды түзүүдө. Бул былтыркы көрсөткүчтөн 12 пайыздык пунктка төмөн.
Еврокомиссия электр энергиясын эң көп керектелген маалда керектөөнү азайтуу, "акылдуу" эсептегичтер жана тарифтер аркылуу суроо-талапты башка убакытка жылдыруу, коомдук имараттардагы температураны чектөө жана зарыл эмес түнкү жарыктандыруудан баш тартууну сунуштады.
Ошол эле учурда милдеттүү чараларды киргизүү азырынча каралган жок. Йоргенсен ошондой эле газ сактагычтарды толтурууда ийкемдүү мамиле жасап, рынок татаал шартта турганда 90% көрсөткүчүнө жетүүгө умтулуунун ордуна болжол менен 80% деңгээлин кармоону сунуштады.