Бишкек, 28.09.26. /Кабар/. Япониянын Тиба префектурасында "Дуцзюань" тайфунунун кесепетинен 4 миңден ашуун адам электр жарыгысыз калды.
ТАСС агенттиги жазгандай, табигый кырсыктан 13 адам каза болуп, эки адам дайынсыз болууда.
Тайфун 20-сентябрда өлкөнүн Тынч океан жээгин бойлой өткөн. Анын кесепетинен беш жерде жер көчкү жүрүп, күн сайын 54 миңдей адам пайдаланган темир жолдун бир тилкесиндеги каттам үзгүлтүккө учураган. Каттамды калыбына келтирүү кеминде үч айга созулары айтылууда.
Тиба префектурасында дамбанын жарылышынан улам 5 чарчы чакырым аянт дагы деле суу алдында турат. Бул аймакта турак үйлөр жана айыл чарба жерлери жайгашкан. Табигый кырсык болгон аймакта 1,7 миңге жакын имарат жабыркаган.
Жергиликтүү тургундарга жардам берүү үчүн кошумча автобустар каттамга чыгарылып, аялдамаларда узун кезектер пайда болгон.