Бишкек, 05.11.26. /Кабар/. Бүгүн Японияда өлкө боюнча ири мобилдик байланыш үзгүлтүккө учурады, деп Kazinform агенттиги жергиликтүү маалымат каражаттарына шилтеме менен билдирди. Маалыматка караганда, Жапониянын эң ири телекоммуникация оператору NTT Docomo окуянын себебин иликтөөнү баштады.
Компания бүгүн, саат 11:18 чамасында үн чалуулардын, мобилдик интернеттин жана SMS билдирүү кызматынын туруксуздугу жөнүндө кабарлаган. Көйгөйлөр Docomo тармагын колдонгон башка мобилдик операторлордун кызматтарына да таасирин тийгизген.
Docomo анын серверлерине уруксатсыз кирүүлөр болушу мүмкүн деген божомол чыгаргандан кийин өзүнүн онлайн дүкөнүнүн жана My docomo кардарлар порталынын ишин токтотконун жарыялады.
Компания шектелип жаткан кибер чабуулдун мобилдик кызматтын үзгүлтүккө учурашына тиешеси бар-жогу азырынча белгисиз экенин билдирди.
Акыркы жумаларда Японияда корпоративдик жана мамлекеттик системаларга бир катар кибер чабуулдар болгону туурасында маалыматтар жарыяланган. Буга чейин Japanese GMO Internet Group компаниясынын валюта соода кызматына уруксатсыз кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон хакерлерди аныктоого алып келген маалымат үчүн 1 млн долларга чейин сыйлык жарыялаган.
Ошондой эле, дүйнөдөгү эң ири криптовалюта биржасы Binance хакердик чабуулга кабылганын кабарлаганбыз. Келтирилген зыяндын болжолдуу суммасы 6,3 миллиард долларды түзөт.