Бишкек, 04.11.26. /Кабар/. Тергөөчүлөр дүйнөдөгү эң ири Binance криптовалюта биржасынан 6,3 миллиард доллар кантип уурдалганын иликтеп жатышат.
Аталган соода платформасынын алдын ала отчетуна ылайык, Binance криптовалюта биржасына жасалма маектешүүлөрдү колдонуу менен кибер чабуул жасалган. Уурулар компаниянын кызматкерлерине жумуш боюнча зыяндуу код камтылган тесттик тапшырманы жиберишкен.
Натыйжада, Binance 30-октябрь түнү ири кибер чабуулга кабылды. Хакерлер бузулган ноутбук аркылуу бир нече капчыктарга кирип, каражаттарды өздөрүнүн капчыктарына которуп алышкан. Болжол менен 6,3 миллиард долларлык ар кандай криптовалюта чыгарылып кеткен. Binance жана анын өнөктөштөрү уурдалган каражаттардын 2,7 миллиард долларын тоңдурууга жетишти.
Бул окуя "тарыхтагы эң ири хакердик чабуул" деп мүнөздөлүүдө. Киберкоопсуздук боюнча эксперттер муну аялуу жерлерди табуу үчүн жасалма интеллекттин колдонулушунун көбөйүшү менен байланыштырышууда.
Binance дүйнөдөгү жалпы криптовалюта рыногунун үлүшүнүн болжол менен 35 пайызын түзөт. Ал крипто экосистемасында адамдарга криптовалютаны сатып алууга жана сатууга мүмкүндүк берген ири соода платформасы экени маалым. Салттуу валюта биржалары сыяктуу эле, платформа кардарлардын санарип монеталарын капчыктарда сактайт. Ал күнү-түнү онлайн режимде иштеп, бир нече капчыктардан акча каражаттарын алып чыгууну көзөмөлдөп турат.
Компания каражаттарды издөө жана кайтарып алуу үчүн укук коргоо органдары жана блокчейн аналитикасы боюнча өнөктөштөр менен биргеликте иликтөөнү улантууда.