Япония Кыргызстандын маданияты тууралуу видео тартууда

Коом
871802671_1774107957209624_1872019029127069844_n.jpg
854625167_1775152440448261_5406264667325638652_n.jpg
863388548_1675903360722867_8009853090099137231_n.jpg
864101827_2052242118763745_5147564712542968926_n.jpg
871223779_1827397525066443_2669094172769243100_n.jpg
871316182_1780830503184442_1952187293619838193_n.jpg
875038984_1120039614287426_2227296014888301729_n.jpg
882452133_1057384070655010_7148605419720386758_n.jpg
884714478_2024471258261529_7627593771627987897_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият министрлиги

Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Япониялык чыгармачыл топ Кыргызстандын маданияты жана эки өлкөнүн кызматташтыгы тууралуу видеоматериал даярдап жатат.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, Улуттук тарых музейине белгилүү жапон медиасүрөтчүсү, изилдөөчү, Цукуба университетинин доценти Очиаи Ёити баштаган делегация келди.

Делегациянын курамында Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Япониядагы жана Кыргызстандагы өкүлдөрү, анын ичинде өлкөдөгү туруктуу өкүлү Нишигата Котаро болду.

Коноктор үчүн тааныштыруу экскурсиясы уюштурулуп, анда Кыргызстандын тарыхый-маданий мурасы, улуттук каада-салттары жана музейдеги экспонаттар тууралуу маалымат берилди.

Ошондой эле жолугушууда салттуу искусство менен заманбап санариптик технологияларды айкалыштыруу жана эл аралык маданий кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.