Дүйнөлүк рынокто мунайдын баасы жогору бойдон калууда

Дүйнө 28 сентябрь 2026 11:10
Дүйнөлүк рынокто мунайдын баасы жогору бойдон калууда
copyright icon www

Бишкек, 28.09.26 /Кабар/. Бүгүн, 28-сентябрга карата нефтинин дүйнөлүк рыноктогу баасы чийки затты жеткирүү тобокелдигинен улам жогору бойдон калууда. Бул тууралуу Казинформ жазды.

Маалыматка ылайык, Brent мунайынын баасы 1,74%га көтөрүлүп, баррелине 106,14 долларды түздү.

Ал эми WTI мунайы 0,90%га кымбаттап, баррелине 93,24 долларга жетти.

Россиялык Urals нефтиси 3,57%га жогорулап, баррелине 113,61 долларды түздү.