Японияда 6,7 баллдык жер титирөө катталды

Дүйнө Загрузка... 10 Ноябрь 2025 09:35
WhatsApp Image 2025-11-10 at 08.49.56.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.11.25 /Кабар/. Күн мурун Япониянын Ивате префектурасында 6,7 баллдык күчтүү жер титирөө катталды. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.

Япониянын Улуттук метеорологиялык башкармалыгынын маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Ивате префектурасынын чыгыш тарабында 10 чакырым тереңдикте жайгашкан.

Силкинүүнүн күчү максималдуу 4 баллга жеткен. Азырынча жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалыматтар жок.

Бирок, жер титирөөдөн кийин бийлик цунами коркунучуна байланыштуу эскертүү жарыялаган. Синоптиктердин айтымында, толкундардын бийиктиги 1 метрге чейин жетиши мүмкүн.