Бишкек, 29.09.26. /Кабар/. Дүйнөлүк рынокто мунай баалары бүгүн, 29-сентябрда дагы жогорулоону улантты, деп Казинформ Reuters агенттигине шилтеме берип жазды.
Маалыматка ылайык, Brent мунайынын баасы бир баррелине 106,60 долларга чейин көтөрүлдү. Буга чейин Brent 0,6%га өсүп, бир баррелине 105,91 долларды түзгөн.
АКШнын West Texas Intermediate (WTI) мунайынын баасы 0,8%га өсүп, бир баррели 93,32 долларга жетти.