Бишкек, 05.11.26. /Кабар/. Дүйнөлүк мунай баалары бүгүн да арзандады. Эртең менен WTI чийки мунайынын фьючерстеринин баасы баррелине 86,88 долларды түзүп, 1,24 долларга же 1,41%га төмөндөдү.
Brent чийки мунайынын баасы 0,89 долларга же 0,94%га төмөндөгөн. Анын наркы баррелине 93,73 долларды түздү. Ошол эле учурда, Орусиянын Urals чийки нефтисинин баасы 1,13 долларга же 1,24%га көтөрүлүп, баррелине 92,16 долларды түздү.
Дүйнөлүк мунай рыногундагы баалардын туруксуздугунун негизги себеби Жакынкы Чыгыштагы окуяларга байланыштуу экени белгиленип келет. Аймактагы чыңалуудан улам Ормуз кысыгы аркылуу жүк ташуулар кыйла кыскарган. Дүйнөдөгү мунай жана жаратылыш газынын болжол менен бештен бири дал ушул кысык аркылуу өтүп турганы маалым.