Бишкекте көмүр жетиштүү: Базалардын даректери жана баалары

Коом
Бишкекте көмүр жетиштүү: Базалардын даректери жана баалары

Бишкек, 05.11.26. /Кабар/. Бишкектеги көмүр базаларында кара отундун запасы жетиштүү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, муниципалдык кызматтар көмүрдүн жеткиликтүүлүгүнө, баасына жана соода түйүндөрүнүн отун запасы менен камсыз болушуна туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүүдө.

Ленин району:

Райондо 13 көмүр базасы иш алып барууда. Көмүрдүн жалпы запасы 4 852 тоннаны түзөт. Көмүрдүн баасы 7000-7800 сомдон сатылууда.

Көмүрдү төмөнкү даректерден сатып алууга болот:

  • Ак-Ордо-3, Новопавловка, Селекция конуштарында, ошондой эле Мурманск, Б. Алыкулов, Саркулов көчөлөрүндө жана Дэн Сяопин проспектисинде жайгашкан.

Биринчи май району:

Бул райондо учурда 472 тонна көмүр бар.

Көмүрдү төмөнкү даректерден сатып алууга болот:

  • И. Айдарбеков көчөсү (Жаш Гвардия көчөсү, 337), 390-контур;
  • Түндүк айланма жол, 383-контур;
  • Саадаев көчөсү, 8б;
  • Пригородное айылы, Юбилейная көчөсү, 50;
  • Озёрное айылы, Школьная көчөсү, 3, 1д, 1а/3
  • Дача СУ, "Трикотажник Б.Ш."..

Свердлов району:

Аймакта 9 көмүр базасы иштеп, алардагы отундун жалпы запасы 5 450 тоннаны түзөт.

Калкка көмүр төмөнкү даректер боюнча сатылууда:

  • Достоевский көчөсү, 1;
  • Төмөнкү Ала-Арча конушу, Кыргыз көчөсү, №902 контур;
  • Маевка айылы / Төмөнкү Ала-Арча конушу, Кыргыз көчөсү, №818 контур;
  • Төмөнкү Ала-Арча конушу, Кыргыз көчөсү, 16;
  • Лебединовка айылы, Калинин көчөсү, 1-линия, 8/1;
  • Ленинское айылы, айланма жол, №963 контур (Дордой-2);
  • Келечек конушу, 14-көчө, №9 участок;
  • Төмөнкү Ала-Арча конушу, Курманалиев көчөсү менен Элебесов көчөсүнүн кесилиши.

Октябрь району:

Көмүр базаларында учурда 650 тонна отун бар. Бүгүнкү күндө райондогу бардык көмүр сатуу түйүндөрүндө көмүр жетиштүү көлөмдө сакталууда.

Көмүр базалары төмөнкү даректерде жайгашкан:

  • Көк-Жар конушу, Достоевский көчөсү;
  • Көк-Жар конушу, Полевая көчөсү, 1/7;
  • Кара-Жыгач конушу, Сары-Өзөн/Обрен көчөсү, 1/1;
  • Лев Толстой көчөсү.