Бишкек, 09.10.26. /Кабар/. Баткен облусунун кыш мезгилине даярдыгы өз нугунда жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирет.
Маалымдалгандай, калкты көмүр менен өз убагында жана жетиштүү көлөмдө камсыз кылуу, көмүр сатуу пункттарынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу боюнча иштер облус башчысынын көзөмөлүндө.
Баткен облусунун калкы үчүн жалпы 100 миң 800 тонна көмүр керектелет. 7-октябрга карата анын 15 пайызы ташылып келинди.
Облус боюнча калкты көмүр менен камсыз кылуу үчүн 67 көмүр сатуу түйүнү уюштурулган, анын 31и муниципалдык көмүр сатуу пункттары. Ошондой эле көмүрдүн баасына өзгөчө көңүл бурулууда.
Сүлүктү көмүрүнүн калк тарабынан көп суралган БР түрүнүн тонна баасы:
- Баткен шаары жана Баткен районунда – 9 300 сомдон;
- Кадамжай районунда – 10 300 сомдон;
- Кызыл-Кыя шаарында – 10 670 сомдон;
- Лейлек районунда – 7 779 сомдон;
- Сүлүктү шаарында БР – 6 500 сомдон сатылууга тийиш.
Саламаттык сактоо тармагына керектүү 2 999 тонна көмүрдүн 1 395 тоннасы, башкача айтканда, 46,7 пайызы жеткирилди.
Билим берүү мекемелерине керектүү 16 304 тонна көмүрдүн 9 601 тоннасы, же 59 пайызы жеткирилди. Өткөн кыштан калган көмүрдү кошкондо, бүгүнкү күндө мектептерде жана бала бакчаларда жалпы 12 миң 30 тонна көмүрдүн запасы бар.
Учурда облуста 50гө жакын көмүр кени иштейт. Жыл башынан бери өндүрүлгөн көмүрдүн көлөмү 1 млн тоннадан ашты. Өндүрүлгөн көмүр биринчи кезекте ички рынокко багытталып, калктын муктаждыгы камсыздалат.