Volkswagen дүйнө жүзү боюнча дагы 50 миңге чейин кызмат ордун кыскартат

Дүйнө Загрузка... 14 Июль 2026 09:45
WhatsApp Image 2026-07-14 at 06.36.06.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 14.07.26. /Кабар/. Германиянын ири автоөндүрүүчүсү Volkswagen Group чыгымдарды азайтуу жана ишкерлигин жакшыртуу максатында дүйнө жүзү боюнча дагы 50 миңге чейин жумуш ордун кыскартууну карап жатат. Бул тууралуу Казинформ кабарлайт.

Компаниянын башкы аткаруучу директору Оливер Блюменин айтымында, учурда Volkswagen'дин кызматкерлеринин саны негизги атаандаштарына салыштырмалуу болжол менен 20 пайызга көп. Анын белгилешинче, атаандаштардын деңгээлине жетүү үчүн буга чейин жарыяланган кыскартуулардан тышкары дагы 50 миңге жакын кызмат ордун жоюу талап кылынышы мүмкүн.

"Компаниянын кызматкерлеринин саны ондогон жылдар бою өсүп келип, бүгүнкү шартта экономикалык жактан өзүн актабай турган деңгээлге жетти", - деген Блюме.

Ал мындай чечимге дүйнөлүк автоунаа рыногундагы өзгөрүүлөр, суроо-талаптын төмөндөшү жана компаниянын көзөмөлүнөн тышкаркы факторлор себеп болуп жатканын белгиледи. Бул жагдайлар Volkswagen үчүн миллиарддаган евро өлчөмүндө кошумча чыгымдарды жаратууда.

Мындан тышкары, компания жакында жаңы өнүгүү стратегиясын сунуштап, автоунаа моделдеринин санын болжол менен 50 пайызга кыскартууну көздөп жатканын билдирген. Ошондой эле өндүрүш кубаттуулуктарын учурдагы рыноктук шарттарга ылайыкташтыруу пландалууда.

Volkswagen Кытайдагы жана Европадагы айрым заводдорунун өндүрүш көлөмүн азайтууну көздөөдө. Германиянын Эмден, Ганновер, Цвиккау жана Неккарзульм шаарларындагы ишканалар өзгөрүүлөргө туш болушу мүмкүн.

Буга чейин 2024-жылы Volkswagen чыгымдарды кыскартууга багытталган кеңири масштабдагы үнөмдөө программасын ишке киргизген.