Вьетнамда суу ташкынынан каза болгондордун саны 37 адамга жетти

Дүйнө Загрузка... 03 Ноябрь 2025 18:04
WhatsApp Image 2025-11-03 at 17.56.08.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.11.25 /Кабар/. Вьетнамдын борбордук провинцияларында узакка созулган нөшөр жана катуу суу ташкынынан 37 адам каза болуп, бешөө дайынсыз жоголду, 78 киши жарадар болду. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, суу ташкыны 12 миң 600дөн ашык үйдү каптап, 103 имаратты талкалап, 451 үйдү агызып кеткен.

Суу ташкынынан ошондой эле болжол менен 7 миң 900 гектар айыл чарба жерлери жабыркап, 64 миң 000ден ашык мал жана канаттуулар өлүп, ирригациялык системаларга жана дарыя жээктерине олуттуу зыян келтирген.

Суу ташкыны ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген байыркы Хой Ан шаарын да каптаган. Жергиликтүү дарыя жээгинен ашып, акыркы 60 жыл ичиндеги эң жогорку деңгээлге жеткенден кийин, тургундар көчөдө жыгач кайыктар менен жүрүүгө аргасыз болушкан.