Венецияда аял кеме уурдап бара жатып, көпүрөнү сүзүп кеткен

Дүйнө Загрузка... 12 Декабрь 2025 09:22
313cfa6b-bca5-4a77-90b1-ceb10414054f.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 12.12.25 /Кабар/. Венецияда аял курьердик кызматка таандык жүк ташуучу кемени уурдап бара жатып, Риелто көпүрөсүн сүзгөн. Бул тууралуу Kазинформ агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кеме көпүрөнүн алдындагы бир нече устунга урулуп, натыйжада мрамордон жасалган балюстрадалардын бири олуттуу зыянга учураган.

Кагылышуудан кийин аял кемеге түшүп, качууга аракет кылган, бирок полиция аны көп узабай кармаган.

Жергиликтүү басылмалар кабарлагандай, кайыкта болгон айрым товарлар Улуу каналдын суусуна түшүп кеткен.

Окуянын себептери жана келтирилген зыяндын так көлөмү азырынча аныктала элек.