Өлкөдө 8 миңден ашуун бош жумуш оруну бар

Коом Загрузка... 18 Ноябрь 2025 13:00
WhatsApp Image 2025-11-18 at 12.49.00.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.11.25 /Кабар/. Быйылкы жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча учурда өлкөдө 8 миңден ашуун бош жумуш оруну бар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин адиси Садаткүл Мукамбетова “Кабар” маалымат агенттигинин “Элден собол” берүүсүнүн түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бул жумуштарга орношуу үчүн министрликке кайрылуу керек. Бүгүнкү күндө чач тарач, ашпозчу, ширетүүчү, тигүүчү, бухгалтер, котормочу жана айдоочу кесиптерине суроо-талап жогору.

“Аталган кесиптер боюнча атайын кыска мөөнөттүү окутуулар уюштурулган. Кесиптик лицейлер менен келишимдин негизинде жумуш издеген жарандарды акысыз окутуп, соңунда сертификат берилет. Окутуунун баасы 4600 сом. Бирок, бул чыгымды мамлекет көтөрөт. Мындан сырткары мамлекет жол кире катары 360 сом да төлөп берет, – деди адис.

Мындан тышкары, министрликте акы төлөнүүчү коомдук жумуштар да каралган. Анда иштеген жарандар аткарган жумушуна жараша орточо 1 миң 800 сом алышат.

“Бул сумма чоң болбосо да, мамлекет тарабынан колдоо катары каралат”, – деп кошумчалады адис.