Урмат Асанбаев Дене тарбия агенттигинин жамаатына тааныштырылды

Коом 6 март 2026 12:17
648301724_939264591780092_3299087784666255113_n.jpg
646301088_939264638446754_8110063100620651836_n.jpg
647316811_939264661780085_911721973147658517_n.jpg
648276525_939264611780090_7289143903528913251_n.jpg
Алдыга
Артка
648301724_939264591780092_3299087784666255113_n.jpg
646301088_939264638446754_8110063100620651836_n.jpg
647316811_939264661780085_911721973147658517_n.jpg
648276525_939264611780090_7289143903528913251_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 06.03.26. /Кабар/. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жаңы директору Урмат Асанбаев бүгүн эмгек жамаатка тааныштырылды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жаңы жетекчини министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тааныштырды.

Ал өз сөзүндө өлкөдө дене тарбияны жана спортту мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Урмат Асанбаевдин жетекчилиги алдында агенттиктин ишмердүүлүгү жаңы деңгээлде өнүгөөрүнө ишеним билдирип, ийгиликтерди каалады.

Урмат Асанбаевдин эмгек жолу:

  • 2007-жылдан бүгүнкү күнгө чейин – Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын Улуттук спорт түрлөрү кафедрасында окутуучу, машыктыруучу.
  • 2009-2011-жылдары – Сокулук шаарындагы "Аюу" спорт клубунда инструктор.
  • 2013-2014-жылдары – Т. Эрматов атындагы музыкалык-педагогикалык окуу жайында улуттук спорт түрлөрү боюнча окутуучу.
  • 2013–2015-жылдары – "Замандаш" спорт клубунда инструктор.
  • 2018-жылдан бери — ADCC Кыргызстан грэпплинг федерациясынын вице-президенти.
  • 2018-2019-жылдары — Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында жарандык коргонуу, техникалык коопсуздук жана коопсуздук кызматынын башчысы.
  • 2019-2021-жылдары – Улуттук спорт түрлөрү дирекциясынын директорунун орун басары.
  • 2021-жылдан бери – Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине караштуу "Жаштык" дирекциясынын директору.

Сыйлыктары:

  • Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жана Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамоталары.
  • Ички иштер министрлиги тарабынан "Кыргыз милициясына 95 жыл" юбилейлик медалы.
  • Дене тарбия жана спорттун отличниги, кулатуу күрөшү боюнча КР эмгек сиңирген машыктыруучусу.
  • 2009-жылы жылдын мыкты спортчусу, 2013-жылы жылдын мыкты машыктыруучусу деп табылган.
  • Кулатуу күрөшү боюнча 6-наам кара курдун, ал эми таэквондо WTF боюнча күрөң курдун ээси.
  • Кулатуу күрөшү боюнча улуттук категориядагы калыс, ошондой эле грэпплинг ADCC боюнча "В" категориясындагы эл аралык даражадагы калыс.