Унаанын терезесин мыйзамсыз караңгылатууга каршы рейд жүрүп жатат

Коом 28 ноябрь 2025 17:10

Бишкек, 28.11.25. /Кабар/. Өлкө аймагында унаалардын терезелерин мыйзамсыз караңгылатууга каршы "Караңгылатуу" рейди жүрүп жатат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын башчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.

Анын айтымында, рейд 24-ноябрдан 30-ноябрга чейин жүргүзүлүп, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого, мыйзамсыз  көрүнүштөрдүн жана жол кырсыктарынын алдын алууга багытталган.

Иш-чаранын жүрүшүндө унааларынын терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алган айдоочулардын унаалары айып короо жайына токтотулуп, мыйзамга ылайык 20 миң сом өлчөмүндө айып салынууда.

Эскерте кетсек, жыл башынан тартып ЖКККББ тарабынан 7 183 айдоочу терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алгандыгы үчүн кармалган.