Улуу Британияда иштөө: Тил билүү талап кылынбайт

Коом Загрузка... 25 Март 2026 15:15
angliya.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 25.03.26. /Кабар/. Улуу Британиядагы эмгек келишими 6 айга чейинки мөөнөткө түзүлөт. Бул тууралуу "Биринчи радионун" түз эфиринде Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борборунун Эмгек миграциясы башкармалыгынын башчысы Эсенбек Эргешов билдирди.

Анын айтымында, Улуу Британияда иштөө үчүн англис тилин билүү милдеттүү шарт эмес, орус тилин билүү жетиштүү. Себеби, жумуш орундарындагы жетекчилердин жана супервайзерлердин көбү Чыгыш Европадан келген орус тилдүү жарандар.

Белгиленгендей, программага катышуу үчүн төмөнкүдөй тартип менен каттоодон өтүү зарыл:

  • Катышуучулар расмий migrant.kg порталына катталуусу керек.
  • Каттоонун так күнү өнөктөштөр тарабынан алдын ала жарыяланбайт. Адатта, каттоо башталардан бир нече күн же бир сутка мурун, күз айларында жарыяланат.
  • Шилтеме жарыялангандан кийин талапкерлер онлайн-каттоодон өтүшөт. Маалыматтар түз эле баштапкы тандоо үчүн өнөктөштөргө жөнөтүлөт.
  • Критерийлерге жооп берген талапкерлер орус тили боюнча базалык деңгээлде аралыктан тест тапшырышат. Ийгиликтүү өткөндөр кыш мезгилинде Бишкек же Ош шаарларында өтүүчү бетме-бет маектешүүгө чакырылат.
  • Акыркы чечим маектешүүдөн кийин эки жуманын ичинде кабыл алынат. Тандалып алынган Кыргызстандын жарандары жаз айында жумуш ордуна жөнөп кетишет.