Бишкек, 03.07.26. /Кабар/. Кыргызстанда кабыл алынган “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу өлкөнүн узак мөөнөттүү өнүгүүсүн аныктаган негизги стратегиялык документтердин бири катары бааланууда. Эскерте кетсек, 2024-жылдын 18-декабрында президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу документи кабыл алган. Аталган уңгужол улуттук баалуулуктарга таянуу менен заманбап өнүгүү жолун табууну көздөйт. Бул багытта Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада өткөн “Комуз – кыргыз элинин салттуу маданиятынын уңгусу” аталышындагы илимий-практикалык конференцияда тарых илимдеринин доктору, профессор, КРнын илимине эмгек сиңирген ишмер Сулайман Кайыпов уңгужолдун маңызы, анын иштелип чыгуу тарыхы жана улуттук баалуулуктардын орду тууралуу “Кабар” агенттигине кеңири маек курду.

— “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” документи эмне үчүн уңгужол деп аталып калды, анын негизги маанисин түшүндүрө кетсеңиз?
— “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” Кыргызстандын узак жылдарга өнүгүүсүнүн доктринасы деп эсептелет. Доктрина деген сөздүн ордуна биз уңгужол деген сөздү колдонгонбуз. Мында уңгу жана жол деген эки сөз бириктирилип жазылып, жаңы термин жаралган. Уңгу деген бардык нерсенин өзөгүн түзгөн нерсе экендиги белгилүү. Ал эми жол мезгил, келечек деген маанини камтыган философиялык түшүнүк. Ушул эки сөздү бириктирип жазганда уңгужол деген термин келип чыкты. Демек, биз уңгулуу жолубузга түшүшүбүз керек. Биздин элде башатынан келе жаткан көп кылымдык тарыхыбыздын уңгулуу жолу бар. Илгертеден эле жол уңгусун салганбыз.
Бирок, акыркы жылдары ошол уңгубуздан адаша түшкөнбүз. Айрыкча өлкөбүз эгемендик алгандан кийин ар башка өлкөлөрдүн моделин алабыз деп, бир туруп Кытай, бир туруп Швейцария, Түркия боло бергенбиз. Ошондуктан биз булардын барын таштап, өзүбүздүн уңгулуу жолубуз бар экенин билип, ошол жолубузга түшөлү деген идея бул чоң документти жараттык. Уңгужол “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” деп аталды. Чечмелей кетсек, биздин улуттук демибиз, көп кылымдык тарыхыбыз бар. Түгөнбөгөн рухубуздун булагы болгон “Манас” эпосубуз, улуу мурасыбыз комузубуз жана күүлөрүбүз бар руханий казынабыз бай элбиз. Булар көп кылымдык биздин тарыхыбыздын туундулары болуп эсептелет. Казына болуп эле калып калбастан, келечекке кызмат кыла турган, бизге жол көрсөтө турган чоң байлыгыбыз да дал ушулар. Кыргыз элинин буга чейин эле өнүгүп келген уңгужолу болгон, эми ошол уңгужолду адашпай табышыбыз керек. Дүйнөлүк практиканы эске алуу менен уңгубузду таап, өз жолубузга түшмөйүнчө биз өнүгө албайт экенбиз деген доорго келип жеттик. 2023-жылы президентибиз өзүнүн тескемеси менен 40ка жакын адистен турган уңгужолду иштеп чыгуучулардын тобун дайындаган. Бир жыл иштегенден кийин келип, талкуулардан өтүп отуруп, ушул документ жаралды.

— Уңгужолдо улуттук баалуулуктардын ролу кандай чагылдырылган?
— Дүйнөлүк бийиктик дегенибиздин себеби, биз дүйнөлүк бийиктиктерге жеткен элбиз. Мисалы, Айтматов, “Манас” эпосу, боз үйүбүз, улуттук кийим-кече, тамак-ашыбыз анын ичинде кымызыбыз, комузубуз, күүлөрүбүз булардын ар бири дүйнөлүк бийиктик. Дүйнөлүк бийиктик дегенибиздин себеби, булар кайталангыс нерселер. Кайталангыс, уникалдуу нерселердин бардыгы мыйзам менен корголуп, көздүн карегиндей сакталышы керек. Биз ошолордун барын бириктирип, системага салып, өзүбүздүн туура жолубузга түшүшүбүз керек болду. Бизди тарых ушул күнгө алып келип, уңгубузду таануу ушул доорго дал келди. Бул бирөөнүн каалоосу же ойлоп тапканы менен эмес, мезгилдин, тарыхтын объективдүү өнүгүшүнүн доору.
Уңгужолубузда негизги маселелердин бири улуттук баалуулуктарыбызды ордуна коюу болуп эсептелет. Эгер биз улуттук баалуулуктарды ордуна кое албасак, аларды пайдалана албасак, алардын берип жаткан дем-күчүнөн пайдаланбасак анда биз өнүгүүнүн уңгулуу жолуна түшө албайбыз. Ошондуктан улуттук баалуулуктарды жогору коюшубуз зарыл. Замандын ыргагы менен унутулуп бара жаткан баалуулуктарыбызды кайра эске салып, ага жаңы өмүр берүү биздин милдет. Жаңыча көз караш менен карап кам көрөлү, баалуулуктарыбыздын жок болуп кетпеши үчүн бардык шарттарды түзөлү.

— Уңгужолду ишке ашырууда улуттук баалуулуктардын катарында комуздун, күүлөрүбүздүн маанисине токтоло кетсеңиз?
— Бизде баалуулуктар абдан көп, алардын бири комуз, комуз күүсү. Бүгүн Улуттук китепканада “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун жүзөгө ашыруунун алкагында “Комуз – кыргыз элинин салттуу маданиятынын уңгусу” аталган илимий-практикалык конференция өттү. Илимий иш-чарада белгиленгендей, комуз жана анын күүсү биздин улуттук баалуулугубуз, баа жеткис байлыгыбыз. Комуздун өзүнүн турушу эле өзүнчө кайталангыс табылга. Үч кылдан турган бир эле жыгачтай көрүнгөнү менен чертсең укмуш күүлөр жаңырган жөпжөнөкөй нерсе. Ар бир чертилген күүнүн, комузчунун ар бир чыгармасынын адамдарды жамандыктардан, жаман ойлордон арылта турган медитациялык касиети бар. Мына ушунун өзү биздин улуттук баалуулугубуз. Эгер биз уңгужолду ишке ашырып, уңгужолубузга түшөбүз десек, улуттук баалуулуктарды анын ичинде комуз, кымыз, улуттук кийим, оюн сыяктуулардын бардыгын кайра жандандырып ордуна коюшубуз керек.
“Манас” эпосубуз, боз үйүбүз, комузубуз сыяктуу элибизге таандык нерселердин бардыгы биздин кайталангыс баалуулуктарыбыз. Ушуларды жандандырып, өнүктүрө алсак гана уңгужолго түшө алабыз. Бизди дүйнөлүк деңгээлде көтөрө турган чоң күчтөр ушулар, биринчи аталгандарды жолго коюп алышыбыз керек. Албетте, андан кийин гана экономика. Ошондуктан бүгүнкү илимий конференция комузга, күүгө арналып, маанисин арттырууну көздөйт.

— Комузду этномаданияттын түп белгиси катары сыпаттадыңыз, негизи эле комуз күүсү адамдын аң сезимине таасир береби?
— Акыркы жылдары коомдо комузга кызыккандар, комуздун добушун эңсегендер көбөйдү. Өмүрүндө эч качан комуздун үнүн укпагандар да, комуздун үнүн укканда жүрөктөрү козголуп, селт эте түшөт. Себеби, “Комуз – кыргыз этномаданиятынын түп белгиси” деген баяндамамда айтылгандай, комуздун үнү биздин этномаданий түп белгибиз. Ал эми түп белги деген орус тилине которгондо – “код”. Мисалы, сен чет өлкөдө же дагы башка жерде жүрсөң да комуздун бир эле кылынын үнүн уксаң селт этип, ошол күү чыккан жерди издейсиң. Анткени, комуздун үнү – биздин түп белгибиз. Себеби, комуздун үнү кыргыздын канында сакталып келе жаткан генетикалык эс-тутумдагы маалыматты ойготуп жиберет. Ал оюңузду, пикириңизди жада калса эмоциялык абалыңыздан бери өзгөртүп, дем-күч берет. Ошондуктан биз улуттук баалуулуктарды, музыканы биринчи жолго койсок, уңгужолубузга буйдалбай түшүп кетебиз. Негизги маселе дал ушул жөнүндө болуп жатат.