Ташкент, 21.05.25. /Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов бүгүн Ташкент шаарында жашаган кыргызстандык жарандар, жогорку окуу жайларда билим алып жаткан студенттер жана Өзбекстандын Куралдуу күчтөр академиясында окуган офицерлер менен жолугушуу өткөрдү, деп билдирет элчиликтин басма сөз кызматы.
Жолугушуунун негизги максаты президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен бекитилген “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгу жол концепциясынын мазмуну менен таанышуу жана анын негизги багыттарын түшүндүрүү болду.
Иш-чарада Чотонов бул концепция улуттук баалуулуктарды сактоо, тарыхый мурасты даңазалоо жана коомдун адеп-ахлактык пайдубалын чыңдоого багытталган узак мөөнөттүү стратегия экенин баса белгиледи.
"Концепция аркылуу биз ким экенибизди, кайдан чыккандыгыбызды, кайда багыт алганыбызды аныктайбыз. Улуттук дем – бул биздин ички күчүбүз, дүйнөлүк бийиктик – бул келечек максаттарыбыз", — деди ал.
Ошондой эле элчи концепциянын алкагында кыргыз жаранын адеп-ахлактык жактан калыптандырууга, элдик каада-салттарды жандандырууга, руханий баалуулуктарды жаш муундун аң-сезимине сиңирүүгө, ошондой эле кыргыз тилин, тарыхын жана маданиятын коргоо менен өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын кошумчалады.
Мындан тышкары, жолугушууда КР президентинин жарлыгы менен расмий түрдө Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрү катары таанылган Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков жана Ишенаалы Арабаев тууралуу маалымат айтылды.
Катышуучулар бул мамлекеттик ишмерлердин өмүр жолу жана тарыхый салымына арналган сүрөт көргөзмөсү менен таанышып, баалуу маалыматтарга ээ болушту.
Иш-чаранын соңунда “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” концепциясынын мазмунун камтыган китепчелер таратылып, катышуучулар жолугушууну жогорку маанайда жыйынтыкташты.