Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик: Маданият өкүлдөрү атайын курсту аяктады

Коом 28 сентябрь 2026 17:20
4.jfif.jpeg
3.jfif.jpeg
6.jfif.jpeg
5.jfif.jpeg
1.jfif.jpeg
Алдыга
Артка
4.jfif.jpeg
3.jfif.jpeg
6.jfif.jpeg
5.jfif.jpeg
1.jfif.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 28.09.26 /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарындагы республикалык жана шаардык китепканалардын, музейлердин жана үй-музейлердин жетекчилерин окутуу жана насааткерлик ишке даярдоо боюнча бир жумалык окуу курсу жыйынтыкталды.

Президенттин администрациясынан билдиришкендей, окуу курсу президенттин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруунун алкагында уюштурулган.

Курстун жыйынтыктоочу сабагында мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев уңгужолдун “Кыргыз жери, кыргыз эли тууралуу” бөлүмүнүн мазмуну жана мааниси боюнча кеңири лекция окуп, анын негизги идеяларын коомчулукка түшүндүрүүдө маданий мекемелердин жетекчилеринин жоопкерчилигине өзгөчө токтолду.

Мамлекеттик катчы белгилегендей, улуттук баалуулуктарды, тарыхый эс-тутумду жана маданий мурастарды сактоо менен аларды жаш муундарга жеткирүү системалуу жана мазмундуу насааткерлик ишти талап кылат.

Арслан Койчиевдин тапшырмасынын негизинде уюштурулуп жаткан окуу курстары уңгужолдун негизги идеяларын мамлекеттик мекемелерде жана коомдук чөйрөдө кеңири жайылтууга, насааткерлик багыттагы адистердин практикалык жөндөмдөрүн жогорулатууга багытталган. Бир жумалык окуунун жүрүшүндө уңгужолду иштеп чыгууга катышкан окумуштуулар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер насаатчы катары тартылып, анын тарыхый, маданий жана идеялык негиздерин түшүндүрүштү.

Курстун соңунда 48 кызматкерге окууну ийгиликтүү аяктагандыгын тастыктаган сертификаттар мамлекеттик катчы тарабынан тапшырылды.

Белгилей кетсек, буга чейин мамлекеттик катчынын тапшырмасы менен мамлекеттик органдардын жана администрациялык ведомстволордун аймактык түзүмдөрүнүн жетекчилери, жогорку окуу жайлардын проректорлору, билим берүү уюмдарынын жана илимий институттардын жетекчилери, ошондой эле үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун кызматкерлери уңгужол боюнча окуудан өтүшкөн.