Койчиев кыргызстандыктарды Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктады

Коом
Койчиев кыргызстандыктарды Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктады

Бишкек, 07.11.26. /Кабар/. Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев бүгүн, 7-ноябрда кыргызстандыктарды Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктады.

Мамлекеттик катчынын куттуктоосу:

“Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен чын жүрөктөн куттуктаймын!

Бул күндөрү – калайык-калкыбыздын кылымдарды карыткан тарыхына таазим этип, өткөнүбүзгө саресеп салып, эртеңки келечегибизди таразалаган эң касиеттүү учур. Ар бир улуттун өзүн таанышы, улут катары сакталып калышы түпкүрдөн келе жаткан тарыхый эс тутумга жана улуттук эркиндик үчүн күрөшкөн баатыр бабалардын мурасына таянат.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүш тарыхыоңой жол менен келген жок. Ата-бабаларыбыз мекен үчүн, элибиздин эркиндиги жана келечеги үчүн канын да, жанын да аяган эмес. Тарыхтын сыноолуу мезгилдеринде улуттун уңгусун сактап калуу үчүн улуу муундар баштарын канжыгага коюп, Ата мекенин сактап келишти.

Өзгөчө, 1916-жылдагы каргашалуу Үркүн окуясы – элибиздин 
эс тутумунда эч качан өчпөй турган, касиеттүү эркиндик үчүн төгүлгөн кандын жана улуу кайгынын жышааны. Ошол оор күндөр баштаган сыноолордо башын жерге салбай, туусун жыкпай,мамлекеттүүлүк үчүн аракет жасап өткөн мекенчил бабаларыбыздын эрдиги биз үчүн түбөлүктүү сабак жана сыймык!

Андан кийинки советтик доордун алгачкы жылдарында мамлекеттүүлүктү куруунун жаңыэтабын ачышкан жана азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар – Иманаалы Айдарбеков, Абдыкерим Сыдыков, Абдыкадыр Орозбеков, Жусуп Абдрахманов, Ишенаалы Арабаев, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматовсыяктуу улуттук лидерлер, алардын үзөңгүлөштөрү түптөгөн пайдубал бүгүнкү көз карандысыз Кыргыз Республикасынын курулушуна негиз болду.

Бирок калың элдин мүдөөсүн жана эркин келечегин көксөгөн аталар көп узабай совет өкмөтүнүн катаал мезгилинде, репрессия курмандыгы болушту. Алардын ысымдары менен тагдырлары – биздин эч качан унутулгус кайгыбыз жана абийирибиз.

Урматтуу замандаштар! 

Бүгүнкү тынч, эркин жана өнүгүп жаткан Кыргызстан – өткөн ата-бабалардын кыялы, алар үчүн жумшалган эмгектин жана канын төккөн эрдиктин жемиши. Биз тарыхыбыздын белгисизбеттерин да, жаркын барактарын да кабыл алып, андан сабак чыгарууга тийишпиз. Өткөнгө таазим кылуу – келечекке болгон жоопкерчиликти сезүү дегенди билдирет.

Баарыңыздарга бекем ден соолук, үй-бүлөңүздөргө тынчтык, береке, ал эми касиеттүү Кыргыз жергебизге биримдик, өнүгүү жана бейпилдик каалаймын!

Тарыхыбыз түбөлүктүү, мамлекетибиз бекем болсун!”