"Кыргыз элинин мурастарынын энциклопедиясы" долбоору талкууланды

Коом

Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарында мамлекеттик катчы Арслан Койчиевдин төрагалыгында “Кыргыз элинин мурастарынын энциклопедиясы” долбоорунун концепциясын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун алгачкы жыйыны болуп өттү.

Жыйынга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, окумуштуулар, манас таануучулар, маданият жана искусство ишмерлери, ошондой эле улуттук мурастын ар кыл багыттары боюнча адистер катышты.

Жыйындын жүрүшүндө “Кыргыз элинин мурастарынын энциклопедиясы” концепциясын иштеп чыгуунун негизги багыттары, максаты жана милдеттери, анын мазмундук түзүмү, илимий-методологиялык негиздери жана долбоорду ишке ашыруу механизмдери талкууланды.

“Энциклопедия кыргыз элинин кылымдарды карыткан тарыхын, мамлекеттүүлүгүн, руханий дүйнөсүн, материалдык жана материалдык эмес маданий мурастарын, илимин, адабиятын жана искусствосун бирдиктүү илимий тутумда чагылдырган жалпы улуттук маанидеги эмгек болушу керектигин”, - деп белгиледи мамлекеттик катчы.

Концепциянын алкагында кыргыз элинин тарыхы жана мамлекеттүүлүгү, “Манас” эпосу жана манасчылык өнөрү, кыргыз тили жана адабияты, улуттук музыка, искусство, архитектура, кол өнөрчүлүк, салттуу турмуш-тиричилик, улуттук тамак-аш маданияты, элдик билимдер, улуттук спорт жана көрүнүктүү инсандар тууралуу маалыматтарды кеңири камтуу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарынын тарыхый-маданий мурастарын жана кыргыз элинин дүйнөлүк цивилизациядагы ордун объективдүү чагылдыруу маселеси белгиленди.

Арслан Койчиев жумушчу топтун курамына ар бир тармактын тажрыйбалуу жана кесипкөй өкүлдөрү киргизилгенин айтып, ар бир мүчө өз багыты боюнча жеке жоопкерчилик алып, маалыматтардын илимий тактыгын, тарыхый ишенимдүүлүгүн жана мазмундун толуктугун камсыз кылууга тийиш экенин баса белгиледи.

Жыйынтыгында жумушчу топтун мүчөлөрүнө энциклопедиянын тематикалык багыттарын тактоо, тиешелүү маалымат булактарын жана эксперттерди аныктоо, концепциянын түзүмүн жана ишке ашыруу этаптарын иштеп чыгуу боюнча тапшырмалар берилди.