Койчиев “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президентин кабыл алды

Коом

Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 19.11.26. /Кабар/. Бишкекте бүгүн мамлекеттик катчы Арслан Койчиев “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Лиза Кёртисти кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын маалыматтык мейкиндигинин өнүгүшүн, “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Кыргыз кызматы – “Азаттыктын” ишмердүүлүгүн, ошондой эле мындан аркы өз ара аракеттешүүнүн келечегин талкуулашты.

Арслан Койчиев Лиза Кёртисти жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, “Азаттыктын” ата мекендик журналистиканын калыптанышындагы тарыхый ролун жана өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна кошкон салымын белгиледи. Ошондой эле сапаттуу журналистиканын, фактыларды объективдүү текшерүүнүн жана жогорку редакциялык стандарттарды сактоонун маанилүүлүгүнө токтолду.

Мамлекеттик катчы Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан заманбап өзгөрүүлөр, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттары жана стратегиялык инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу айтып берди.

Лиза Кёртис жолугушуу жана мазмундуу пикир алмашуу үчүн ыраазычылык билдирип, “Эркин Европа/Азаттык” радиосу тыгыз кызматташууга даяр экендигин айтты.

Жолугушуунун соңунда тараптар кесиптик байланыштарды колдоого жана мындан аркы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын билдиришти.