Сулайман Кайыпов: Кыргыздар өзүн дүйнөгө көрсөтчү күн келди

Пикир 2 сентябрь 2026 17:50
Сулайман Кайыпов: Кыргыздар өзүн дүйнөгө көрсөтчү күн келди
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 02.09.26 /Кабар/. Кыргызстанда акыркы күндөрү дүйнөлүк маанидеги ири иш-чаралар өтүп, өлкө өзүнүн тарыхын, маданиятын жана мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөгө таанытып жатат. Бул тууралуу тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата ШКУнун саммитинин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өткөрүлүшү өлкөнүн дүйнөгө өзүн таанытуусуна чоң мүмкүнчүлүк түзүүдө.

“Кыргыздар өзүн дүйнөгө көрсөтчү, өзүнүн ким экендигин айтчу күн келди. Анткени эгемендигибиздин 35 жылдыгына саммит менен Көчмөндөр оюну туура келди. Көчмөндөр оюнунун алкагында далай-далай иштер жүрүп жатат. Биз азыр ошонун күбөсү болуп жатабыз.

Ушулардын бардыгы дүйнөгө биздин бар экенибизди шаңшып айтып турган чоң нерселер. Биз кичинекей эмеспиз, биз кедей эмеспиз, биз барбыз! Мындан кийин да бар болобуз деген сөздү биз каймана түрдө ар бир адамга жеткирип айтып жатабыз. Муну кылган иштерибиз менен көрсөтүп жатабыз.

Мына азыр “Рух Ордо” маданий борборунда турабыз. “Көчмөндөр санаты” деген чоң маданий программа болуп жатат. Мен ишенем, бул иш-чара катышып жаткан кыргыздардын духун аябай көтөрөт. Кыргыз болгонуна сыймыктандырат. Ал эми көп санда чет элден келген коноктордун бардыгы “кыргыздар ушундай экен” деп, кыргыздарга сый-урмат менен мамиле кылып калат. Мен ошого толук ишенем.

Ушул темпибизден жазбай, ушул ишибиз, аракетибиз менен алга жыла берсек, өлкө башчысы айткандай, “уңгу жолубузга” түшөбүз. Өнүгүүнүн бирдиктүү жолу менен биз көп бийиктиктерге, дүйнөлүк бийиктиктерге жетишебиз деп ойлойм”, — деди Сулайман Кайыпов.