УКМКнын Маалыматтык коопсуздук борборунун жаңы имараты ачылды

Коом 23 март 2026 15:00
WhatsApp Image 2026-03-23 at 14.44.31 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-03-23 at 14.44.32 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-03-23 at 14.44.31.jpeg
WhatsApp Image 2026-03-23 at 14.44.32.jpeg
WhatsApp Image 2026-03-23 at 14.44.31 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-03-23 at 14.44.30.jpeg
WhatsApp Image 2026-03-23 at 14.44.30 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-03-23 at 14.44.30 (1).jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon УКМК

Бишкек, 23.03.26. /Кабар/. Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин "Маалыматтык коопсуздук борбору" мамлекеттик мекемесинин жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Иш-чарага катышкан УКМК төрагасы Жумгалбек Шабданбеков бул борборду түзүү – заманбап глобалдык чакырыктарга жооп экенин белгиледи.

Анын айтымында, долбоор өлкөнүн санариптик эгемендүүлүгүн коргоонун жана санариптик экономиканын туруктуу өнүгүшүнүн негизин түзөт.

Борбордун негизги милдеттери:

  • мамлекеттик сектор үчүн менчик программалык жана аппараттык чечимдерди түзүү, аларды сертификациялоо;
  • санариптик чөйрөдө киберкоркунучтарга ыкчам жооп кайтаруу жана маалыматтарды коргоо үчүн алдыңкы технологиялык инструменттерди иштеп чыгуу.
  • коопсуздук тармагында жогорку квалификациялуу IT-адистерди даярдоо, экспертиза жүргүзүү жана мекемелердин аракеттерин координациялоо.

Жаңы имарат заманбап сервердик жана аналитикалык жабдуулар менен толук камсыздалган. Түзүлгөн шарттар киберчабуулдарга натыйжалуу каршы турууга жана республиканын маанилүү санариптик кызматтарынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга мүмкүндүк берет.