УКМК: Жаштар арасында диний экстремизмдин алдын алуу иштери күчөтүлдү

Коом Загрузка... 20 Февраль 2026 18:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon УКМК

Бишкек, 20.02.26 /Кабар/. Айрым жарандар салттуу ислам жөнүндө маалыматтын жетишсиздигинен ар кандай тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдардын идеологиясына азгырылып, алардын ишмердүүлүгү мыйзамга карама-каршы келген радикалдуу диний-саясий, экстремисттик идеяларды жайылтууга багытталган учурлар кездешүүдө. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Тартуу, адатта максаттуу үгүт жүргүзүү аркылуу, анын ичинде интернет-ресурстар, социалдык тармактар жана жабык топтор аркылуу ишке ашырылат.

Жаштарды экстремисттик топторго кошулуп кетүүдөн сактоо үчүн УКМК Дин иштери боюнча комиссия жана Муфтият менен биргеликте окуу жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Жыл башынан бери мындай иш-чаралар бир катар университеттерде өткөрүлдү. Анда диний сабаттуулукту жогорулатууга, маалыматты сын көз караш менен кабылдоону өнүктүрүүгө, салттуу руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктарды жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоого өзгөчө көңүл бурулууда.

Белгиленгендей, бул багыттагы иштер борбор калаанын жана өлкө аймактарындагы башка окуу жайларда да улантылат.

Эске салсак, тыюу салынган уюмдардын ишине катышуу жана алардын материалдарын таратуу Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.