УКМК Академиясына документтерди кабыл алуунун мөөнөтү узартылды

Коом 26 февраль 2026 10:28
УКМК Академиясына документтерди кабыл алуунун мөөнөтү узартылды
copyright icon УКМК

Бишкек, 26.02.26. /Кабар/. УКМК Академиясына жана Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын академиясына 5 жылдык окуу мөөнөтү үчүн талапкерлерди тандоо уланууда. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Талапкерлерди ар тараптуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү тандоону камсыз кылуу максатында документтерди кабыл алуу мөөнөтү 2026-жылдын 13-мартына чейин узартылды.

УКМК тиешелүү талаптарга жооп бергендердин баарын бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, документтерди белгиленген мөөнөттө тапшырууга чакырат.