Туризмден энергетикага чейин: Ишке ашып жаткан ири инвестициялык долбоорлор

Экономика Загрузка... 29 Июнь 2026 18:30
ChatGPT Image 29 июн. 2026 г., 18_35_18.png

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Кыргызстанда ар бир тармакта пайдалана турган потенциал кеңири. Ал эми ошол тармакка инвестицияларды тартууга өлкөдө инвестициялык климат маанилүү. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда бул багытта иштер тынымсыз жүргүзүлүүдө. Буга байланыштуу айыл чарба, экономикадан тартып энергетика, туризмге чейин ишке ашырыла баштаган ири инвестициялык долбоорлор арбын. “Кабар” агенттиги алардын артыкчылыктары жана маанилүүлүгүнө токтолот.

WhatsApp_Image_oZpAFNh.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90

Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан кышы-жайы дебей тоо туризмин өнүктүрүүгө шарттар кеңири. Жергиликтүү эс алуучулар гана эмес, чет элдик туристтер жаратылышы кооз жерлерди кыдырууну адатка айландырышууда. Бүгүнкү күндө өлкөдө ишке ашырылып жаткан ири долбоорлордун бири – "Ала-Тоо Резорт" тоо кластери.

516790339_123809400_9UXa3CF.2e16d0ba.format-we.width-800

“Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа курорту Борбор Азиядагы эң ири эс алуу жайларынын катарын толуктамакчы. Анда трассанын узундугу 250 чакырымга жетет. Жыл сайын эс алуу аймагына 2 миллион турист келет деп болжолдонууда. Курорт ишке кирсе, 4 600дөн ашык жумуш орду түзүлөт.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Хан-Теңири айыл аймагынан "Ала-Тоо Резорт" комплексин куруу үчүн 2024-жылы 3 916 гектар жер мөөнөтсүз пайдаланууга берилген. Мамлекеттик маанидеги ири долбоорго ылайык, курорт үч шаарчадан турат: Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук. Инвесторлорго мейманканаларды, апартаменттерди, ресторандарды жана туристтик-инженердик инфраструктура объекттерин курууга арналган жер тилкелери аукцион аркылуу сатылды. Бул лоттордун сатылышы курортко кошумча инвестицияларды тартууга жана жаңы туристтик объекттерди курууга шарт түзөт.

Учурда жер тилкелерин сатып алган инвесторлор курулуш иштерин улантууда. Ошондой эле суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды тазалоо системалары курулуп жатат. Бүгүнкү күндө жалпы узундугу 4 чакырымдан ашкан эки асма аркан жолу пайдаланууга даяр. Мындан тышкары, кошумча төрт асма аркан жолун куруу иштери башталды.

660428770_1221.max-.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014

Мындан тышкары, келечектеги курорттун алгачкы тоо-лыжа трассаларын долбоорлоо иштери уланууда. "Ала-Тоо Резорттун" биринчи этабын ачуу 2026-жылдын декабрь айына пландалган. Кыргызстанда лыжа тебүү сезону ноябрь же декабрь айларында башталып, март айынын аягына чейин созулат. Андан кийин жайкы сезон башталып, экотуризмдин мезгили келет. Бүгүнкү күндө Кыргызстанга КМШ жана Европа өлкөлөрүнөн келген туристтердин саны артууда.

Мамлекет туризмди өнүктүрүү максатында Чүй облусундагы "Baytik Mountain Resort", Жалал-Абад облусундагы "Chatkal Resort" жана Ысык-Көл облусундагы "Тосор" спорт комплекси сыяктуу жыл бою иштей турган долбоорлорду ишке ашырууга киришти.

WhatsApp_Image_l6wscBc.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90

“Baytik Mountain Resort“ курорту Бишкек шаарынан 30 чакырым аралыкта жайгашат. Мастер-планга ылайык, комплекс жалпы узундугу 50 чакырымдан ашык лыжа трассасынан, 13 асма аркан жолунан, 1 500 адамга эсептелген 10 ресторандан, 800 адамга ылайыкташкан 5 мейманканадан, 150 эс алуу апартаментинен жана 200 үйдөн турат. Курорт күнүнө 10 миңге чейин лыжа сүйүүчүнү кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

WhatsApp_Image_2025-03-07_at_12.21.50.width-800

“Chatkal Resort" курорту Чаткал районунун аймагында жалпы аянты 2 миң гектар жерге жайгаштырылмакчы. Анын аймагында 30 чакырымдан ашкан лыжа трассасын, 5 асма жолду, 600 орундуу 4 ресторанды, 300 орундуу 3 мейманкананы жана 600 орундуу 150 эс алуу үйүн куруу пландалган. Бул масштабдуу долбоор ата мекендик туризмди өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, Кыргызстанды дүйнөлүк туризм рыногунда уникалдуу жана жагымдуу багыт катары бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун биринчи орун басары Эрденет Касымов "Кабар" агенттигине билдиргендей, бул үч долбоор тең аймактардын туристтик дараметин арттырууга, кошумча жумуш орундарын түзүүгө, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана салыктык түшүүлөрдү көбөйтүүгө багытталган..

WhatsApp_Image_kciXqL6.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90

“Chatkal Resort" курорту Чаткал районуна мультипликативдик эффект берет жана коңшу өлкөлөрдөн туристтердин агымынын көбөйүшүнө чоң өбөлгө түзөт. "Baytik Mountain Resort" курорту Бишкек шаарынын жогору жагында жайгашып, тоо-лыжа базаларын камтыйт. Ал эми "Тосор" спорт комплекси жыл бою иштеп, спортчулардын эс алуусуна жана машыгуусуна ыңгайлуу аймак болот.

"Бул үч долбоор тең инвестициялык багытта болуп саналгандыктан, ага чоң инвестициялар тартылат. Алдыда сынактар уюштурулуп, мыкты долбоорлор тандалат. Долбоорлорду ишке ашыруу мөөнөтү жакынкы беш жыл деп белгиленүүдө. Учурда бул иштерди Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду жүргүзүп, өнөктөштөрдү долбоорлорду ишке ашырууга катышууга чакырууда", — деп белгиледи Эрденет Касымов.

Ошол эле маалда өндүрүш тармагын түзүп, жаңы ишканаларды ачууга инвестициялар салынууда. Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн "Кабар" агенттигине маалымдашкандай, Новопокровка айылында айнектин ар кандай түрүн чыгара турган завод ачылуу алдында турат. Инвестициянын жарымын ишкер өз каражатынын эсебинен (2 716 600 АКШ доллары), калган жарымын Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунан алган насыя (2 797 692 АКШ доллары) аркылуу каржылоодо.

NazarNews_288774558735210018821031959051160368422

Ишкана бир айда 12 миң чарчы метр, жылына 144 миң чарчы метр продукция чыгарууну пландоодо. Жаңы завод ачылса 300 киши жаңы жумуш орду менен камсыз болот. Учурда курулуш иштери 95%га аяктап калды.

IMG_6523.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90

Мындан тышкары, Кыргызстанда энергетика тармагына салынган инвестициялардын агымы көбөйдү. Бул өз кезегинде электр энергиясынын кубаттуулугун жогорулатууга өбөлгө түзүүдө. Алардын бири — Нарын облусунда курулуп жаткан Куланак ГЭСи. Бүгүнкү күндө дамба, ГЭСтин имараты жана узундугу 6,5 чакырымды түзгөн суу жеткирүүчү канал курулууда.

6a329bf1d94a9.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90

Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн "Кабар" агенттигине маалымдашкандай, долбоордун кубаттуулугу 100 мегаватты түзүп, жылына 435 миллион кВт/саат электр энергиясын өндүрөт. ГЭСти 2027-жылы пайдаланууга берүү пландалууда. Долбоор толук ишке киргенден кийин өлкөдөгү электр энергиясынын тартыштыгын жоюуга салым кошуп, 2 миңге жакын жаңы жумуш орду түзүлөт.

6a329bee1339f.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90
“Учурда Куланак ГЭСин куруу иштери кызуу жүрүүдө. Электр энергиясын алуу үчүн көмөк чордон, трансформатор жана электр мамылары орнотулду. Ошондой эле жумушчулар үчүн шаарча жана административдик имарат курулду. Азыркы учурда сактоочу жай курулууда. Бул долбоор жеке инвестор тарабынан ишке ашырылууда. Куланак ГЭСи менен бирге Нарын облусунда Куланак каналы да салынууда. Бул ирригация жана энергетика тармагына чоң жардамын тийгизет", — дешти өкүлчүлүктөн.

Ошол эле учурда Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда Казарман ГЭС каскадын курууга даярдыктар кызуу жүрүп жатат. Долбоордун инвестициялык көлөмү 3 миллиард АКШ долларына жакын. Инвестициялык долбоорду "Орто Азия Инвестмент Холдинг" компаниясы ишке ашырууда.

Аталган компаниянын техникалык директору Калыбек Алиев "Кабар" агенттигине билдиргендей, каскад үч ГЭСтен турат: Ала-Буга ГЭСи (600 МВт), Кара-Булуң-1 ГЭСи (149 МВт) жана Кара-Булуң-2 ГЭСи (163 МВт).

"Азыр долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалып бүтүп, макулдашууга тиешелүү министрликтерге жөнөтүлдү. Учурда Казарман айылынан 14 чакырым аралыкта куруучулар шаарчасын куруу иштери аяктоо алдында турат. Каскадды 2032–2033-жылдары эксплуатацияга берүү мерчемделүүдө", — деди ал.
WhatsApp Image 2026-06-18 at 09.35.24 (3).jpeg

Кыргызстан энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө да басым жасап келет. Жакында эле Ысык-Көл облсунун Кызыл-Өрүк айылында кубаттуулугу 175 МВт болгон күн электр станциясынын биринчи этабы президент Садыр Жапаровдун катышуусунда ишке киргизилди. Бул долбоор "жашыл" энергетика жаатында олуттуу эл аралык тажрыйбага ээ вьетнамдык “ROX Group” компаниясы тарабынан жүзөгө ашырылууда. Кызыл-Өрүктөгү күн электр станциясы гидроэнергетикага болгон көз карандылыкты азайтууга көмөк көрсөтөт. Айрыкча суу азайып бараткан маалда жардамы чоң болот. Анткени станция Токтогул суу сактагычында жылына 362 млн куб метр сууну үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Күн электр станциясы толугу менен 1900 МВт (айына 273 млн кВт/саат) кубаттуулукта иштегенде жылына 3,9 млрд куб метрге чейин суу үнөмдөлөт деп айтылууда.

  • Күн электр станциясынын жалпы кубаттуулугу – 1900 МВт,
  • Инвестиция –1,5 млрд АКШ доллары.

Биринчи этабында кубаттуулугу 175 МВт күн электр станциясынын инвестициялык көлөмү 131 млн АКШ долларын түзөт.

photo_52941550.max-2560x1440.format-webp.jpegq.width-800

Өлкөдө ишке ашырылып жаткан ири инвестициялык долбоорлор узак мөөнөттүү болгондуктан, артыкчылыктары жана пайдасы кеңири экендигине “Кабар” агенттигине экономика илимдеринин доктору Сагынбүбү Чолбаева токтолду.

Анын айтымында, инвестициялардын келиши аймактын өнүгүшүнө, кошумча жумуш орундарынын түзүлүшүнө, жалпысынан экономиканын алга жылуусуна жол ачат.

ChatGPT Image 29 июн. 2026 г., 18_06_34
“Инвестиция кайсы гана тармакка келбесин инфраструктанын өнүгүшүнө алып келет. Жолдор, курулуштар салынат. Кошумча жумуш орундары пайда болуп, ички миграциянын агымы азаят. Мультипликативдик эффект өз таасирин тийгизет. Бюджетке каражаттар түшө баштайт. Ал каражаттардын негизинде социалдык-экономикалык абал жакшырат. Менин баамымда, акыркы 3-4 жыл ичинде өлкөгө келген түз инвестициялардын агымы жогорулады. Бул өлкө экономикасынын келечегине чоң салым кошот жана узак мөөнөттү капиталдардын келүүсүн көбөйтөт”, - деп белгиледи экономист өз пикиринде.