Дүйнөлүк банк менен инвестициялык кепилдик механизмдери талкууланды

Экономика 29 сентябрь 2026 17:25
1.jpg
2.jpg
3.jpg
Алдыга
Артка
1.jpg
2.jpg
3.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 29.09.26. /Кабар/. Дүйнөлүк банк менен инвестициялык кепилдик механизмдери талкууланды. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.

Маселе агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикуловдун Дүйнөлүк банктын тобунун өкүлдөрү — MIGAнын бизнести өнүктүрүү боюнча улук адиси Жейёнг Жин жана улук экономисти Ильяс Сарсенов менен жолугушуусунда көтөрүлдү.

Жолугушууда MIGA жана PBG инструменттерин инвестициялык долбоорлорду колдоодо колдонуу мүмкүнчүлүктөрү каралды. Алар инвестициялык тобокелдиктерди азайтууга, долбоорлордун жагымдуулугун жогорулатууга жана жеке капиталды тартууга шарт түзүшү мүмкүн.

Тараптар инвестициялык кепилдик механизмдерин өнүктүрүү жана Кыргызстанга жеке инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча биргелешкен ишти улантууга кызыкдар экенин билдиришти.