$1 млрд инвестиция: Кыргызстанда дары-дармек чыгаруучу ири парк түзүлөт

Экономика 29 сентябрь 2026 15:55
WhatsApp Image 2026-09-29 at 12.42.01.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-29 at 12.42.01 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-29 at 12.42.02.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-09-29 at 12.42.01.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-29 at 12.42.01 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-29 at 12.42.02.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 29.09.26. /Кабар/. Кыргызстанда 1 млрд доллар инвестициянын эсебинен фармацевтикалык индустриалдык парк түзүү пландалууда. Бул боюнча Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен "21st Century Biomedicine" компаниясы меморандумга кол койду.

Агенттиктин маалыматына караганда, долбоор 20 гектар аянтта ишке ашырылып, индустриалдык паркты алты жылдын ичинде үч этап менен куруу каралган. Анын курамында илимий-изилдөө борбору, дары-дармек жана медициналык буюмдарды чыгаруучу өндүрүштөр, ошондой эле бизнес-инкубатор түзүлөт.

"Долбоор ишке ашса Кыргызстанда дары-дармек менен өзүн-өзү камсыз кылуу деңгээлин 4%дан 25-30%га чейин жогорулатуу жана 2,5-3 миң түз жумуш ордун түзүү күтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле өндүрүлгөн продукцияны Борбор Азия өлкөлөрүнө жана ЕАЭБ рыногуна экспорттоо пландалууда.