Туристтик жайларга баруучу жолдорду иретке келтирүү тапшырылды

Коом 12 май 2026 08:55
692095550_1289277926714284_7665057797020525404_n.jpg
692717544_1289278040047606_3970336956529547825_n.jpg
693301431_1289277990047611_371040345037185481_n.jpg
694412507_1289277976714279_568304401292176937_n.jpg
696916360_1289277923380951_8542943323085925722_n.jpg
Алдыга
Артка
692095550_1289277926714284_7665057797020525404_n.jpg
692717544_1289278040047606_3970336956529547825_n.jpg
693301431_1289277990047611_371040345037185481_n.jpg
694412507_1289277976714279_568304401292176937_n.jpg
696916360_1289277923380951_8542943323085925722_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 12.05.26 /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаевдин жетекчилиги астында өткөн аппараттык жыйында жол инфраструктурасын жакшыртуу жана сел коопсуздугунун алдын алуу маселелери талкууланды.

Ведомстводон маалымдашкандай, жыйындын жүрүшүндө министр туристтик сезондун жакындап калганына байланыштуу, эс алуу жайларына баруучу жолдордун тизмесин тактап, аларды ыкчам жана сапаттуу оңдоп-түзөөдөн өткөрүүнү катуу талап кылды.

Стратегиялык Түндүк – Түштүк альтернативдик жолун ачууга карата бардык даярдыктарды көрүү жана курулушту аягына чыгаруу иштерин тездетүү милдеттендирилди.

Ошондой эле жаанчыл аба ырайына байланыштуу “Кыргызавтожол” ишканаларына жаратылыш кырсыктарын алдын алуу боюнча чукул чараларды көрүү, аймактарда асфальт-бетон заводдорун ыкчам түрдө ишке киргизип, пландык жумуштарды баштоо белгиленди.

"Каратай" пунктундагы унаалардын тыгынын жоюу жана көзөмөлдү иретке келтирүү маселеси көтөрүлдү.

Министр жол курулушунда убакытты уттурбоо жана ар бир чакырымдын сапатына жоопкерчиликтүү мамиле кылуу керектигин эскертти. Учурда республика боюнча жол салуу иштерин эртелетүү үчүн бардык ресурстар тартылууда.