Бишкек, 10.11.25 /Кабар/. Түркиянын Кожаэли провинциясындагы косметикалык продукция чыгаруучу фабрикада чыккан өрттөн 6 адам каза болду. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт Кожаэлинин Диловасы районунда жайгашкан парфюмерия фабрикасында чыккан. Жалын кыска убакыттын ичинде бүт имаратты каптап, өрт өчүрүүчүлөр дароо окуя болгон жерге жөнөтүлгөн.
“Учурда өрт толугу менен өчүрүлдү. Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсыктын кесепетинен 6 адам каза болуп, дагы 1 киши жаракат алган”, - деп айтылат маалыматта.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби иликтенип жатат. Тийиштүү органдар тергөө иштерин жүргүзүүдө.