Бишкек, 24.02.26. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жарандарды чет өлкөгө жөнөтүүгө лицензия алган компаниялардын тизмесин жарыялады.
Маалыматка ылайык, ведомстволор аралык комиссиянын отурумунда Түркия, Германия, Болгария, Словакия жана Перс булуңунда иштөөгө уруксат алуу боюнча арыздар каралып, жыйынтыгында 28 компанияга бир жылдык мөөнөткө чет өлкөгө жумушка орноштуруу укугу берилди.
Лицензия алган жана мөөнөтү узартылган агенттиктер:
- Түркия: "Камелотт", "Флай Джоб" жана "Прайм Тревел" агенттиктерине уруксат берилди.
- Германия: "Скилл Вэй Консалтинг" жана "Аслан Жобагентур 1" компаниялары ишке орноштуруу укугун алышты.
- Словакия жана Перс булуңу (БАЭ, Катар, Кувейт): "Азия КейДжи Консалт", "Консалтинговая компания Евразия" жана "Ворк Тайм Консалтинг" ишканаларынын лицензиялары узартылды.
Ошол эле учурда "Тугезе Рекрутмент" компаниясынын Хорватияга жумушчу жөнөтүү өтүнүчү четке кагылды. Комиссия бул кадамдар кыргызстандыктардын чет өлкөдө ишке орношуу процессинин ачыктыгын жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында жасалып жатканын билдирет.