Төрөбаев: Быйыл 21 миң гектарга тамчылатып сугаруу тутуму орнотулат

Коом Загрузка... 09 Февраль 2026 11:30
1.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 09.02.26. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Жогорку Кенештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында жазгы талаа жумуштарына даярдык боюнча отчёт берди.

Анын айтымында, 2026-жылы 893 суу кудугун (скважина) пайдаланууга берүү пландалууда. Жалпысынан министрлик тарабынан 203 бирдик, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан дагы 1 миңге жакын айыл чарба техникасы даярдалган.

Мындан тышкары, 139 объектте ирригациялык тутумдарды долбоорлоо жана куруу иштери жүргүзүлөт.

Министр билдиргендей, 21 миң гектар аянтка тамчылатып сугаруу тутумдары киргизилет. Анын ичинен 5 миң 200 гектары – мамлекеттин эсебинен, ал эми 14 миң 740 гектары – фермерлердин өз каражатынын эсебинен ишке ашырылат.

"Бүгүнкү күндө 57 миң тонна үрөн даярдалды, камсыздоо деңгээли 82,5 пайызды түзөт. Айрым өсүмдүктөр боюнча, мисалы соя, тамеки жана күрүч боюнча камсыздоо 100 пайызга жетти. Ошондой эле жазгы сезонго карата 22 питомник тарабынан 2026-жылы отургузуу үчүн 15 млн 37 миң даана көчөт даярдалды", — деди ал.