Бишкек, 27.11.25 /Кабар/. Агрардык сектордун келечеги талаада гана эмес, санариптик технологияларда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Бишкекте өткөн Агро-Хакатондун ачылышында билдирди.
Министрдин айтымында, айыл чарба – өлкө калкынын үчтөн бирин ишке тарткан стратегикалык сектор. Анын туруктуу өнүгүүсү мамлекеттик кызматтарды тез, ыңгайлуу жана толук электрондук форматта көрсөтүүгө түздөн-түз байланыштуу.
Министрликтин санариптештирүүдө жетишкен негизги жыйынтыктары төмөнкүдөй:
- Балык чарба департаменти – санариптештирүү боюнча лидер. Бардык документтерди электрондук форматта берүү толук ишке ашкан.
- E-phyto системасы – фитосанитардык документтер электрондук форматка өтүп, чет мамлекеттердин базалары менен интеграция башталды.
- пестицид жана агрохимикаттарды каттоо – жыл аягына чейин толук санарипке өтөт.
- SCADA системасы – суу агызуу жана тазалоо инфраструктурасында автоматташтыруу киргизилүүдө.
- ветеринарияда сертификаттар, лабораториялык маалыматтар жана текшерүүлөр онлайн жүргүзүлөт.
- суу ресурстары үчүн "Бирдиктүү суу системасы" – суу берүү жана төлөмдөрдү ачык онлайн башкаруу.
- "Экспертиза" автоматташтырылган маалыматтык система – үрөнчүлүк жана багбанчылык боюнча экспертизалар, протоколдор жана сертификаттар автоматташтырылууда.
Министрликтин стратегиясында ар бир дыйкан, фермер, кайра иштетүүчү жана экспортер онлайн өтүнмө берип, документтерди тиркеп, кызматты төлөп, процесстин статусун көрүп, даяр актыларды, протоколдорду жана сертификаттарды бирдиктүү санариптик интерфейстен ала турган система түзүү каралган.
Бакыт Төрөбаев белгилегендей, Агро-Хакатон – министрликтин реалдуу муктаждыктарына жооп берген инновациялык чечимдерди табуу үчүн аянтча. Ишенимдүү чечимдер пилоттук долбоорлор катары ишке кирип, министрликтин маалыматтык системаларынын бөлүгү болуп калат.