Транспорт инспекторлорунун иши эми онлайн көзөмөлдөнөт

Коом 7 апрель 2026 17:38
663302338_1261663849475692_471123262980301988_n.jpg
666201294_1261663982809012_7721179178086431439_n.jpg
665204122_1261663936142350_8264361558467002024_n.jpg
668807317_1261663889475688_472371179664604690_n.jpg
668526937_1261663892809021_661746090138681226_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 07.04.26. /Кабар/. Чүй облусундагы “Ак-Тилек” жана Талас облусундагы “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрүү пункттарында кызмат өтөгөн инспекторлор атайын төшкө тагылчу камералар менен камсыздалды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тармактагы коррупциялык тобокелдиктерди жоюу максатында кызматкерлердин ишмердүүлүгүнө заманбап технологияларды киргизүүдө. Бул транспорттук көзөмөл процессин толугу менен санариптештирүүгө багытталган.

Камералар кызматкердин иш убактысын, айдоочулар менен болгон байланышын жана текшерүү процесстерин үзгүлтүксүз видеого жаздырып турат. Бардык маалыматтар борбордук серверге онлайн режиминде өткөрүлүп, көзөмөлдөнөт.

Видеокөзөмөлдүн болушу кызматкерлердин да, айдоочулардын да мыйзамсыз аракеттерди жасашына бөгөт коёт. Ошондой эле талаштуу кырдаалдар жаралса, видеожазуулар объективдүү далил катары колдонулуп, жарандардын укуктарынын корголушун камсыздайт.