Бишкек, 27.03.26. /Кабар/. Токтогул районунда заманбап мал союучу жай ишке берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Долбоорду ишке ашырууга райондук өнүктүрүү фондунан 4,5 млн сом каражат жумшалды.
Жаңы объект күнүнө 10 баш мал союуга ылайыкташтырылган жана төрт туруктуу жумуш ордун түздү. Мындан тышкары, мал союучу жайдын аймагында 100 баш бодо малды бордоп-семиртип багууга бардык шарттар каралган. Объекттин жалпы аянты 15 сотых жерди түзөт.
"Аталган долбоор жеке ишкер Тилек Коңурбаевдин демилгеси менен ишке ашырылып, аймактагы эт өндүрүү тармагын өнүктүрүүгө жана жергиликтүү калкты сапаттуу эт азыктары менен камсыздоого өбөлгө түзөт",-деп айтылат маалыматта.