Токмокто мугалим окуучу кызды зордуктоого шектелүүдө

Укук тартиби Загрузка... 20 Апрель 2026 15:05
2.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 20.04.26. /Кабар/. Токмокто мугалим окуучу кызды зордуктоого шектелүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Милициянын маалыматына караганда, 10-апрелде Токмок ШИИБине орто мектептердин биринин окуучусу, 2012-жылы туулган Ж.Н. ошол эле мектептин физика мугалими, 2005-жылы туулган А.А. тарабынан зордукталганы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган маалымат каттоого алынып, "Зордуктоо" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Натыйжада мугалим А.А. кармалып, 2 айга камакка алынды.

Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.