Бишкекке жакын айылдарда баңгизат чыгарган 4 лаборатория аныкталды - ИИМ

Укук тартиби 24 сентябрь 2026 17:10
Бишкекке жакын айылдарда баңгизат чыгарган 4 лаборатория аныкталды - ИИМ
copyright icon Кабар

Бишкек, 24.09.26. /Кабар/. Өлкөдө 2026-жылдын 8 айында 710 баңги кылмыштары катталган. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы Каныбек Үсөнов билдирди.

Анын айтымында, алардын ичинен 371и “Баңгизатты сатуу”, 301и “Баңгизаттарды сактоо” беренелердин негизинде кылмыш иши козголгон. Ошондой эле “Баңгизатка көндүрүү”, “Баңгилик өсүмдүктөрдү себүү” жана башка баңгизат менен байланышкан фактылар да бар. Топ менен жасалган 98 баңгизат кылмышы аныкталган.

“Баңгизаттарды жашыруун лабораторияда жасап жаткан 4 факты катталган. Бул лабораториялар Бишкек шаарына жакын жайгашкан Чүй облусунун айылдарында жайгашкан. Алар ижарага алынган үйлөрдү лаборатория кылып иштетишкени аныкталды", - деди ал.

Буга байланыштуу Каныбек Үсөнов үйлөрүн ижарага берген жарандарга турак жайларына көзөмөл жүргүзүп туруу керектигин белгиледи.

"Жарандарга ижарага үйлөрүн берүүдө кароосуз калтырбастан барып, текшерип турууну сунуштайбыз. Себеби, синтетикалык баңгизат химиялык заттардан жасалгандыктан, жыттар да чыгып турат. Көптөгөн жабдуулар керектелет. Ошол жерден жашаган жарандар да кандайдыр бир жыттарды сезишсе милицияга кайрылышы зарыл”, - деди ал.