Бишкек, 28.09.26. /Кабар/. 18-сентябрдан 24-сентябрга чейин алдын ала маалымат боюнча, өлкө аймагында 38 531 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:
- тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 5 691;
- мас абалында унаа башкаруу – 395;
- унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 449;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 1 913;
- унааны эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 6 034;
- авто ээнбаштык – 39;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу – 1 572;
- жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 9;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 19 012;
Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 417 унаа убактылуу айып короо жайына токтотулду.
ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.