Бишкек, 25.09.26. /Кабар/. 2026-жылдын 6 айынын ичинде Ленин РИИБи тарабынан баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү фактылары боюнча жалпысынан 16 кылмыш иши козголуп, алар боюнча 18 адам жоопко тартылууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин районунун прокуратурасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тергөөнүн жүрүшүндө айрым кылмыштуу топтор башка региондордон Бишкекке ири өлчөмдөгү баңгизаттарды ташып келип, туруктуу мыйзамсыз канал түзүүгө аракет кылганы аныкталган Ошондой эле жаштарды Телеграм тиркемеси аркылуу тартып, психотроптук заттарды (мефедрон, спайс) жашыруун жерлерге катып иштеткен фактылар ачыкталган. Ал тургай, баңгизат сатууга шектелген жаран кармоо учурунда качуу максатында милиция кызматкерлеринин унааларын атайлап сүзүп, далил заттарды ыргытып жиберүүгө аракет кылган одоно учурлар да катталган.
Мындан тышкары, бул иштердин алкагында чет өлкөдөн (Германия, Индия) эл аралык почта аркылуу жүгүртүүгө чек коюлган психотроптук дары-дармектерди өлкөгө киргизүү аракеттерине бөгөт коюлган. Ошол эле маалда баңгизат колдонуп алып унаа башкарып жүргөн айдоочулар да кармалган.
"Бул убакыттын ичинде Ленин районунун аймагында мыйзамсыз жүгүртүүдөн жалпы 3,5 килограммга жакын ар түрдүү баңгизаттар алынды. Алынган заттардын катарында гашиш, марихуана, мефедрон сыяктуу психотроптук жана синтетикалык заттар, ошондой эле жүгүртүүгө чек коюлган күчтүү таасир этүүчү дары-дармектер (Прегабалин, Тригексифенидил, Запиклон) бар", - деп белгилешти райондук прокуратурадан.