Түндүк-Түштүк унаа жолунун боюна өрт өчүрүүчү станцияларды куруу сунушталды

Коом 4 март 2026 13:12
Түндүк-Түштүк унаа жолунун боюна өрт өчүрүүчү станцияларды куруу сунушталды

Бишкек, 04.03.26. /Кабар/. Депутат Нурлан Сыдыгалиев Жогорку Кеңештин жыйынында быйыл Тогуз-Торо, Жумгал жана Кочкор райондору аркылуу өткөн Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун ачылышы пландалып жатканын билдирди.

Анын айтымында, коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жол боюна өрт өчүрүүчү станцияларды орнотуу зарыл.

"Кочкор районунун Чолпон айылында, Тогуз-Тородогу Казарманда жана Жумгал районунун Куйручук айылында өрт өчүрүүчү станцияларды ачуу керек", — деп баса белгиледи ал.