Түндүк-Түштүк унаа жолунун ачылышына даярдык көрүү тапшырылды

Коом 7 апрель 2026 11:15
668070856_1261488752826535_6961740117638396442_n.jpg
662844945_1261488886159855_5988666921252814111_n.jpg
663268532_1261488869493190_3224526445275224844_n.jpg
Алдыга
Артка
668070856_1261488752826535_6961740117638396442_n.jpg
662844945_1261488886159855_5988666921252814111_n.jpg
663268532_1261488869493190_3224526445275224844_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 07.04.26. /Кабар/. Түндүк-Түштүк унаа жолунун ачылышына карата даярдык иштерин жүргүзүү тапшырылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кезектеги аппараттык жыйынында айтылды.

Ведомстводон билдиришкендей, министр Талантбек Солтобаев жыйында Чүй облусунда курула турган төрт ири жолдун планын кыска мөөнөттө бекитүү боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.

Ошондой эле ал жооптуу жетекчилерден учурда аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат алды. Министр "Өндүрүштүк-инновациялык борбор" мамлекеттик мекемесинен башка ишканаларда иш системалык түрдө жүрбөй жаткандыгын айтып сындады.

Жыйындын жүрүшүндө иш кагаздарынан арылып, санариптештирүүгө өтүүнү ыкчамдатуу керектиги белгиленди. Мындан тышкары, жаздын келиши менен сел жүрүү коркунучтарынын алдын алуу боюнча ӨКМ жана жергиликтүү бийликтер менен алдын ала иштерди алып баруу зарылдыгы айтылды.

Ошол эле учурда "Жашыл мурас" долбоорунун алкагында сейил бактарын уюштуруу тапшырмасынын аткарылышы кечеңдеп жатканы белгиленип, ишти аткарбаган жетекчилерге чара көрүлөөрү эскертилди.